Экономика
Кыргызстан менен Россия балык жана мал чарбасы боюнча кызматташтыкты кеңейтет
Алматы шаарында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков менен Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда балык чарбасы, асыл тукум мал чарбачылыгы жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап Россиянын өзгөчө экономикалык аймагында суу биоресурстарын кармоого