Коом
2029-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү үчүн 300 жаңы материал иштелип чыгат
Кыргызстанда 2029-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү үчүн 300 жаңы материал иштелип чыгат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Бүгүн министрликте мектепке чейинки билим берүү материалдарына жүргүзүлгөн функционалдык талдоонун жыйынтыктары тааныштырылды. Талдоо SMART-ED ISDB/ISFD/GPE долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Маалымдалгандай, аталган долбоор министрлик тарабынан Ислам өнүктүрүү банкы, Билим берүү