Экономика
Кыргызстандан Россияга 8 тонна тоңдурулган пельмень кирбей калды
Орусиянын Оренбург облусу боюнча Федералдык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын башкармалыгы мамлекеттик чек аранын россиялык-казакстандык тилкесинде Кыргызстандан 8,6 тонна тоңдурулган пельменди мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотконун мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, продукция ветеринардык талаптарга жооп берген эмес: жүктүн бир бөлүгүндө зарыл болгон ветеринардык коштоочу документтер жок