Бизнес
Салык кызматы ишкерлер менен бизнес маселелерин талкуулады
Мамлекеттик салык кызматы ишкерлер жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөрдү талкуулоо максатында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты. Жолугушууга Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, орун басары Кубанычбек Ысабеков, башкармалыктардын жетекчилери жана адистер катышты. Төрага өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — бизнес үчүн жөнөкөй, ачык жана түшүнүктүү шарттарды түзүү, административдик