Коом
Бишкектин райондорунда коомдук багыттагы объектилерди текшерүү иштери уланууда
Бишкек шаарынын төрт районунда коомдук багыттагы объектилерди комплекстүү текшерүү иштери уланууда. Текшерүүлөр өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушун аныктоого жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган. Текшерүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, ички иштер органдарынын, ошондой эле шаардын жана райондордун башка тиешелүү кызматтарынын өкүлдөрү катышууда. Адистер өрт коопсуздугунун талаптарынын