Транспорт
Барскоон-Бедел жолунун курулушу жаңы транспорттук коридорду түзөт
Барскоон-Бедел жолунун курулушу өлкөнүн өз каражаты менен жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен жол-транспорт тармагына казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу активдүү жүрүүдө. Алардын сап башында кыска убакыттын ичинде башталган улуттук маанидеги Барскоон-Бедел автожолу