Экономика
Өкмөт: Кыргызстанда электрондук коммерция рыногу 525 млн долларга жетти
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «E-commerce EXPO Central Asia 2025» форумунда электрондук коммерциянын экономикалык маанилүүлүгүн баса белгилеп, онлайн сооданын өлкөнүн инвестициялык жана экономикалык өсүшүнө чоң салым кошо турганын айтты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Касымалиевдин айтымында, 2025-жылы электрондук коммерциянын ички рыногунун көлөмү болжол менен 525 млн