Коом
Быйыл борбор калаада 120 км жол оңдолду
Былтыр Бишкек шаары боюнча 21,7 чакырым жол оңдолсо, быйыл 120 чакырым жол оңдолду. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүчкө тротуарлар жана шаар райондорунун ички жолдору кирген эмес. “Биз бардык жолдорду бир эле учурда оңдоп чыга албайбыз. Ошондуктан, ишти этап-этабы