Ишкер Media

Бишкектеги парктарда мыйзамсыз соода кылгандарга айып пул салынды

Коом

Бишкектеги парктарда мыйзамсыз соода кылгандарга айып пул салынды

Бишкек шаардык мериясынын Муниципиалдык инспекциясы баш калаадагы парктарда мыйзамсыз соода кылгандарга карата чара көрдү. Бул тууралуу аталган инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков билдирди. Маалыматка таянсак, Муниципиалдык инспекция тарабынан  мыйзамсыз бамуздак саткандарга айып пул салынды. Анда инспекция көчөдө талаптарга ылайык келбеген балмуздак саткандарды текшерип, аларга айып пул салган.  “Кээ бир жарандар Бишкектеги

Жалпы республикалык тестке 61 412 адам катталды

Коом

Жалпы республикалык тестке 61 412 адам катталды

2026-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөгө 61 412 адам катталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигенен билдиришти. Алардын ичнен: 35 535 – Кыргыз тили тестине катталган; 28 993 – орус тилинде текстке катталган; Маалыматтарын тапшырбагандардын саны - 3 104; Толук эмес толтурулган билдирмелердин саны - 675; Жалпы республикалык тестке каттоо 17-февралдан 2-апрелге чейин жүргүзүлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлиги маяна тууралуу  түшүндүрмө берди

Коом

Саламаттыкты сактоо министрлиги маяна тууралуу түшүндүрмө берди

Социалдык тармактарда медицина кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча дүмүрчөктүн сүрөтү тарап, кызуу талкууга алынган. Бул маалыматка карата Саламаттыкты сактоо министрлиги расмий билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, тарап жаткан дүмүчөктөгү эсептелген эмгек акы март айына тийиштүү. Президенттин жарлыгына ылайык, медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-апрелден тарта көбөйтүлдү. Март айында эмгек акы мурдагы эсеп менен

Билим берүү эми жеткиликтүүрөөк: DemirBank 0% билим берүү насыясын ишке киргизди

Банктар

Билим берүү эми жеткиликтүүрөөк: DemirBank 0% билим берүү насыясын ишке киргизди

Эми билим алууну каржылоо мурдагыдан да жеңил. DemirBank 0% билим берүү насыясын сунуштайт — комиссиясыз жана жашыруун төлөмдөрсүз. Ата-энелер насыяны түз эле мобилдик тиркеме аркылуу тариздеп, окуу акысын дароо төлөй алышат. Каражаттар автоматтык түрдө окуу жайдын эсебине которулат. Бул чечим окууну кийинкиге калтырбай, келечекке бүгүнтөн баштап инвестиция салууга мүмкүнчүлүк берет.

Марлен Маматалиев: Беларусь Республикасы менен болгон товар жүгүртүүнүн көлөмү 154,4%га өстү

Экономика

Марлен Маматалиев: Беларусь Республикасы менен болгон товар жүгүртүүнүн көлөмү 154,4%га өстү

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Москва шаарында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Игорь Сергеенко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка таянсак, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелердин учурдагы абалына токтолушуп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү. Төрага Марлен Маматалиев

Кыргызстан менен Доминикандын соода-экономикасын өнүктүрүү боюнча талкуу өттү

Экономика

Кыргызстан менен Доминикандын соода-экономикасын өнүктүрүү боюнча талкуу өттү

20-апрелде Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров резиденциясы Москва шаарында жайгашкан Доминикан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алехандро Ариастын ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди, анын

Талас шаарында 40 чакырым жол курулуп башталды

Транспорт

Талас шаарында 40 чакырым жол курулуп башталды

Талас шаарында жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн ички жолдорду куруу жана оңдоо иштери башталды. Анын алкагында 12 көчөдө толук кандуу курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев өзү маалымат таратты. Бүгүн, 20-апрелде Эрмат Джумаев, Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көрөбаев жана тиешелүү жергиликтүү

Марлен Маматалиев Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин эскерди

Саясат

Марлен Маматалиев Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин эскерди

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады. Төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.  Эскерте кетсек, бүгүн Москва

Кыргызстанда такси кызматын лицензиялоо 1-июнда аяктайт, оң рулдуу унааларга лицензия берилбейт

Коом

Кыргызстанда такси кызматын лицензиялоо 1-июнда аяктайт, оң рулдуу унааларга лицензия берилбейт

Кыргызстанда такси кызматын лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июнунда аяктайт. ЖКтин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитети тарабынан транспорттук такси кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар тарабынан КРнын автомобиль, транспорт жөнүндө мыйзам талаптарынын аткарылышы тууралуу маалымат угузулду. КРнын Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баяндама жасап, женил

1-класска 56 миңден ашуун бала катталды

Коом

1-класска 56 миңден ашуун бала катталды

Агартуу министрлиги “Мектеп” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу балдарды катттоону улантып жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы ырасташты. Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 56 миңден ашуун бала катталды. Бишкек шаарында  -8 959; Ош облусунда – 11 898; Жалал-Абад облусунда – 10 581; Чүй облусунда – 6 619; Баткен облусунда – 6 384;

Манас-Камышановка жолуна асфальт төшөлүп баштады

Коом

Манас-Камышановка жолуна асфальт төшөлүп баштады

Сокулук районуна караштуу Манас-Камышановка унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы жолдун узундугу 30 чакырымды  түзөт. Унаа жол Манас, Дача-Суу жана Камышановка айылдарын бириктирген маанилүү транспорттук байланыш болуп саналат. Учурда  жол куруу иштери белгиленген графикке

Жогорку Кеңеште кодекстерге өзгөртүү киргизүү тартиби жана эмгекти коргоо тууралуу мыйзам каралды

Саясат

Жогорку Кеңеште кодекстерге өзгөртүү киргизүү тартиби жана эмгекти коргоо тууралуу мыйзам каралды

Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында “КРнын кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мезгилдүүлүк маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Жыйында баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров мыйзам долбоору укуктук жөнгө салуунун туруктуулугун камсыз кылууга,