Мелис Совет уулу

Бишкек
Казакстандын чек араларында экспорттук көзөмөл күчөтүлөт

Экономика

Казакстандын чек араларында экспорттук көзөмөл күчөтүлөт

Казакстандын чек аралары боюнча, анын ичинде Кыргызстан жана Россия менен чектешкен тилкелерде тышкы экономикалык ишмердүүлүктү көзөмөлдөө үчүн мобилдик топтор иштей баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" борборунун директору Урмат Такиров билдирди. Анын айтымында, чек арадагы ишмердүүлүк казак тараптын жол-жоболору менен жөнгө салынат,

Товарды күтүүнү ырастоо системасы ишке киргизилет

Экономика

Товарды күтүүнү ырастоо системасы ишке киргизилет

Россиянын өкмөтү тарабынан ЕАЭБ алкагында тышкы соода операцияларында салык көзөмөлүн күчөтүү үчүн иштелип чыккан товарлардын күтүүлөрүн ырастоо системасы (СПОТ) этап-этабы менен ишке ашырыларын "Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров билдирди. Анын айтымында, система КНС жана акциздик жыйымдар сыяктуу кыйыр салыктарды төлөөнү милдеттүү түрдө ырастоо менен жеткирүүлөрдү жөнгө салууга багытталган.

Россияда мигранттар үчүн мамлекеттик алымдар 8 эсеге чейин жогорулайт

Экономика

Россияда мигранттар үчүн мамлекеттик алымдар 8 эсеге чейин жогорулайт

Россияда миграция тармагындагы мамлекеттик алымдардын өлчөмү көбөйтүлөрүн "Ведомости" басылмасы маалымдады. Жогорулатуу көп жолу чек арадан өтүүгө мүмкүндүк берген визаларга тиешелүү болот. Алым үч эседен ашык көбөйүп, 6 миң рублга жетет. Бир адамды чакыруу үчүн төлөм сегиз эсе өсүп, 8 миң рубль болот. Туруктуу жашоого уруксат(ТЖУ) беш эсе

Кашгар – Ош – Кашгар жаңы эл аралык авиамаршруту ачылды

Транспорт

Кашгар – Ош – Кашгар жаңы эл аралык авиамаршруту ачылды

"Кыргызстан аэропорттору" ААК Кашгар – Ош – Кашгар багыты боюнча жаңы эл аралык аба каттамы ишке киргенин билдирди. Рейстерди "Ченду Эйрлайнс" авиакомпаниясы жумасына бир жолу — шейшемби күндөрү — С909 үлгүсүндөгү учак менен аткарат. "Ош" эл аралык аэропорту эл аралык каттамдарды жогорку деңгээлде кабыл алып, тейлөөгө даяр. Жүргүнчүлөр

Кыргызстанда тарыхый-маданий эстеликтерди паспорттоштурууга 13,6 млн сом жумшалат

Экономика

Кыргызстанда тарыхый-маданий эстеликтерди паспорттоштурууга 13,6 млн сом жумшалат

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча республикалык инспекция республикалык маанидеги тарыхый-маданий эстеликтерди, ошондой эле Чүй жана Баткен облустарындагы археологиялык эстеликтерди паспортизациялоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы билдирүүгө ылайык, сатып алуу ыкмасы — чектөөсүз. Пландалган сумма 13 млн 681 миң 900 сомду түзөт. Төмөнкү

Быйыл 3 айда ИДП 10,1%га, эмгек акы 5,6%га өстү – А.Козубеков

Банктар

Быйыл 3 айда ИДП 10,1%га, эмгек акы 5,6%га өстү – А.Козубеков

Өлкөбүздө экономикалык жигердүүлүк жетишээрлик жогорку деңгээлде сакталып жатканын бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Ички дүң продукция (ИДП) 10,1%га өскөн. "Өсүш экономиканын бардык секторлорунда байкалууда. Ошондой эле экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү ички суроо-талаптын

Bloomberg Brent мунайынын баррели 160 долларга көтөрүлүшү мүмкүнбү?

Энергетика

Bloomberg Brent мунайынын баррели 160 долларга көтөрүлүшү мүмкүнбү?

Мунай баалары боюнча божомолдор Ормуз кысыгы канча убакытка чейин кемелер үчүн жабык болоруна абдан көз каранды, деп жазат Bloomberg NEF. "Мисалы, эгер ал май айынын башында ачылса, Brent мунайынын баасы баррелине 100 доллар чамасында кармалат. Ал эми ачылышы эки айга — июлдун башына чейин — жылдырылса, баа 160 долар деңгээлине чейин

"Майкл" тасмасы 217 млн доллар киреше таап, рекорд койду

Кызыктуу

"Майкл" тасмасы 217 млн доллар киреше таап, рекорд койду

Майкл Жексондун тасмасы 217 млн доллар киреше таап, рекорд койгонун Associated Press агенттигине шилтеме кылуу менен "Казинформ" жазды.  Маалыматка караганда, кирешенин 97 млн доллары АКШ жана Канададан чогулган. Тасма музыканттардын өмүр баянын чагылдырган кинолор боюнча жаңы рекорд койгон. Мурда жанрдын эң мыкты ачылыштарын өткөргөн "Straight Outta Compton&

Жыл башынан бери Кыргызстанда инфляция деңгээли 3,9%ды түздү – А.Козубеков

Экономика

Жыл башынан бери Кыргызстанда инфляция деңгээли 3,9%ды түздү – А.Козубеков

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 3,9%ды түзгөнүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, инфляциянын өсүшү Кыргызстанда гана эмес, аймактагы өлкөлөрдө жана негизги соода өнөктөштөрдө да байкалууда. "Ошол эле учурда өлкөдөгү инфляциялык божомолдор салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул көбүнчө катаал акча-кредиттик

Бишкек-Ош-Бишкек багытындагы авиабилеттер 8 820 сомго чыктыбы?

Транспорт

Бишкек-Ош-Бишкек багытындагы авиабилеттер 8 820 сомго чыктыбы?

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек-Ош-Бишкек ички багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган авиакомпанияларга эскертүү берилгенин билдирди. Мекеме адамдардын кайрылуулары, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтар менен социалдык тармактардагы талкуулардын негизинде мониторинг жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Анын жыйынтыгында Бишкек-Ош-Бишкек багытында авиабилеттердин баасы кескин кымбаттаганы аныкталган. Айрым авиакомпанияларда бир тарапка 8 820 сомго чейин жетсе, кээ

Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 51%га чейин өстү

Экономика

Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 51%га чейин өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо маселелерине арналган жыйын өткөрдү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү катышты. Ал белгилегендей, чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткычы болуп саналат. "Акыркы 3 жылда чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 40%дан 51%га

Жаш Гвардия бульварын көрктөндүрүүгө 354,5 млн сом бөлүнөт

Кыймылсыз мүлк

Жаш Гвардия бульварын көрктөндүрүүгө 354,5 млн сом бөлүнөт

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы Жаш Гвардия бульварын Жибек Жолу проспектисинен Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнө чейин көрктөндүрүү боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул иштерге 354 млн 554 миң 196 сом бөлүү пландалууда. Тендердик арыздар 2026-жылдын 30-апрелинде саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Бульварды көрктөндүрүү иштери