Мелис Совет уулу

Бишкек
BELES автобустары эл ташууга толук жооп бербейт – Д.Орунбеков

Транспорт

BELES автобустары эл ташууга толук жооп бербейт – Д.Орунбеков

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков МинКаб Кыргызстанда чогултулган BELES автобусун эмнеге сатып албаганы тууралуу түшүндүрмө берди. “Бул автобустар тиешелүү сыноодон өтүп, сертификат алган эмес. Тетиктери сырттан алып келинип, бул жакта жөн гана кол менен чогултулган. Стандарттарга жооп берген завод жок. Ар ким эле үйүнөн бир автобус чогултуп

Бюджеттин салыктык кирешелери 3 айда 37%га өскөн

Экономика

Бюджеттин салыктык кирешелери 3 айда 37%га өскөн

2026-жылдын I чейрегинде мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери жылдык салыштырмада 37%га өскөнүн Финансы министрлигинин бюджеттин аткарылышы боюнча отчетторун салыштыруу көрсөткөн. Жалпысынан республикада салыктар түрүндө 129,2 млрд сом жыйналган — бул 2025-жылдын I чейрегине караганда 35 млрд сомго көп. Бул сумманын ичинен: * республикалык бюджетке — 117,2 млрд сом * жергиликтүү бюджеттерге (шаар

Мамлекет билим берүү тармагын активдүү инвестициялай баштады – Д.Кендирбаева

Экономика

Мамлекет билим берүү тармагын активдүү инвестициялай баштады – Д.Кендирбаева

Кыргызстандын агартуу министри Догдуркул Кендирбаева өлкөнүн PISA-2025 изилдөөсүндөгү жыйынтыктары мурдагы жылдарга караганда жакшыраак болот деп эсептейт. Анын айтымында, бул изилдөөнү өткөргөн ОЭСР азырынча жыйынтыктарды жарыялай элек. Министр белгилегендей, Дүйнөлүк банк жүргүзгөн мониторингге ылайык, Кыргызстанда адам капиталын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялар натыйжалуу болуп, өсүү көрсөткүчтөрү байкалууда. Ошол эле учурда ал чоң секирик

"Дастан" заводунун эсептегичтери Кытайдыкынан 2,5 эсе кымбат – Ө.Жеңишбеков

Энергетика

"Дастан" заводунун эсептегичтери Кытайдыкынан 2,5 эсе кымбат – Ө.Жеңишбеков

Өткөн жылы Кыргызстанда орнотулган 500 миң "акылдуу" эсептегич Кытайдан 14 млн долларга сатылып алынганын Жогорку Кеңештин комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди. Талкуу учурунда депутат Улукбек Ормонов ири каражаттар өлкөдөн чыгып кетип жатканын айтып, ата мекендик өндүрүүчүлөр бар же жок экенине кызыкты. Өмүрбек Жеңишбековдун

Фрунзе айылында мал чарбачылыгы боюнча заманбап лаборатория ачылды

Экономика

Фрунзе айылында мал чарбачылыгы боюнча заманбап лаборатория ачылды

Сокулуктун Фрунзе айылында Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтуна караштуу жаңыланган лаборатория ачылды. Имаратты түп орду менен жаңылоону Түштүк Кореянын KOPIA борбору каржылык жактан колдоп, ал азыр заманбап илимий борборго айланды. Имарат толук капиталдык оңдоодон өтүп, изилдөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Лабораторияны Дүйнөлүк банк каржылаган "Агрардык бизнестин атаандаштык

Окуучулары олимпиада жеңген мугалимге 500 миң сомго чейин сыйлыктар берилет

Экономика

Окуучулары олимпиада жеңген мугалимге 500 миң сомго чейин сыйлыктар берилет

Кыргызстанда окуучулары эл аралык олимпиадалардагы жеңишке жетишкен мугалимдерге 500 миң сомго чейин бир жолку сыйлык берилерин Билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин мугалимдери окуучуларды эл аралык олимпиадаларга даярдап, алар байгелүү орундарга ээ болсо, бир жолку акчалай сыйлык

"Акылдуу" эсептегичтер 416 инспекторду алмаштырып, 291 млн сомду үнөмдөдү

Энергетика

"Акылдуу" эсептегичтер 416 инспекторду алмаштырып, 291 млн сомду үнөмдөдү

Кыргызстандын энергетика тармагында "акылдуу" эсептегичтерди киргизүү жана санариптештирүү чыгымдарды кыскартууга жана ишти оптималдаштырууга мүмкүндүк берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди. Анын айтымында, 2023–2025-жылдары жүргүзүлгөн санариптик реформалардын натыйжасында 416 инспектор кыскартылып, 291 млн сом үнөмдөлгөн. Мындан тышкары, "

Быйыл Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 4 млрд кВт/саатты түзөт

Энергетика

Быйыл Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 4 млрд кВт/саатты түзөт

Кыргызстанда 2026-жылы электр энергиясынын тартыштыгы болжол менен 4 млрд кВт⋅саат болорун Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы өлкө боюнча электр энергиясын керектөө 19,6 млрд кВт⋅саат деңгээлинде күтүлүүдө. Ошол эле учурда ички булактар аркылуу 15,7 млрд кВт⋅

Кыргызстанда газдаштыруу деңгээли 2025-жылы 45%ды түздү

Энергетика

Кыргызстанда газдаштыруу деңгээли 2025-жылы 45%ды түздү

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө газдаштыруу деңгээли 45%ды түзгөнүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди. Анын айтымында, отчеттук мезгилде республика боюнча 100 чакырымдан ашык жаңы газ түтүктөрү тартылган. Айрыкча Новопокровка айылында инфраструктураны куруу иштери активдүү жүргүзүлгөн. Газ тармактарынын кеңейишинин натыйжасында дагы 20 миң

Кытай инвестициялары 2,1 млрд долларга чейин өстү — ЕАӨБ

Экономика

Кытай инвестициялары 2,1 млрд долларга чейин өстү — ЕАӨБ

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата Кытайдан Кыргызстанга келген түз чет элдик инвестициялардын (ТЧИ) көлөмү 2016-жылдагы 826 млн доллардан 2,1 млрд долларга чейин өскөнү  ЕАӨБ даярдаган "Кытай жана Евразия аймагы: инвестициялык агымдарды талдоо" аттуу баяндамада айтылат. Изилдөөгө ылайык, Кыргызстан азыр Борбор Азиядагы Кытай инвестицияларынын 5,8%ын алат

Кайсыл облуста же шаарда иштеп жаткан ишканалардын саны көп?

Экономика

Кайсыл облуста же шаарда иштеп жаткан ишканалардын саны көп?

2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстан аймагында иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин (юридикалык жана жеке жактар) саны 823,5 миңди түзгөнү расмий маалыматтарда көрсөтүлгөн. 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу алардын саны 2,2%га көбөйгөн. Аймактар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй: * Баткен облусу — 77,3 миң (өткөн жылга салыштырмалуу 102,9%; үлүшү — 9,4%

Майрам күндөрү медициналык камсыздандыруу полиси кандай иштейт?

Коом

Майрам күндөрү медициналык камсыздандыруу полиси кандай иштейт?

Май майрамдарынын алдында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандарга медициналык жардам алуу тартиби жана камсыздандыруу статусунун мааниси тууралуу эскертти. Фонддун маалыматына ылайык, шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт. Бул жардамга дары-дармектер жана медициналык буюмдар да кирет жана бейтаптын абалы турукташканга чейин Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында берилет. Мындай учурларга