Саясат
Кыргыз-армян инновациялык өнөктөштүгү жаңы багыттар менен толукталат
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Армениянын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасян менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Тараптар кыргыз-армян кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Анда академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр жана инновациялык долбоорлорго өзгөчө