Уулжан Бейшенбекова

Теңге өсүп, евро арзандады: валюталардын жаңы курсу

Экономика

Теңге өсүп, евро арзандады: валюталардын жаңы курсу

Улуттук банк 3-сентябрга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады. Ага ылайык, доллар 87,45 сом деңгээлинде өзгөрүүсүз калды. Ал эми евро 101,8312 сомдон 101,2103 сомго, рубль 1,0172 сомдон 1,0139 сомго төмөндөдү. Теңге тескерисинче бекемдеп, 0,1881 сомдон 0,1919 сомго чейин өстү.

Уулжан Бейшенбекова
Кыргызстан менен Молдованын кесиптик бирликтери келишимге кол коюшту

Саясат

Кыргызстан менен Молдованын кесиптик бирликтери келишимге кол коюшту

Кишинёв шаарында Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы менен Молдованын Улуттук профсоюздар конфедерациясынын ортосунда 2027–2031-жылдарга карата кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Кесиптик бирликтер федерациясынан билдиришкендей, жаңы келишим эки өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө, өнөктөштүктү бекемдөөгө жана эмгекчилердин социалдык-эмгектик укуктарын коргоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө

Уулжан Бейшенбекова
Кыргызстан менен Черногория туризм тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

Саясат

Кыргызстан менен Черногория туризм тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 2-сентябрда Черногориянын туризм министри Симонида Кордич менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл бурушту. Атап айтканда, туристтик агымды көбөйтүү, туристтик инфратүзүмдү өнүктүрүү

Уулжан Бейшенбекова
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 507 адам медициналык жардам алды

Коом

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 507 адам медициналык жардам алды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык кызмат үзгүлтүксүз көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 27-августтан 2-сентябрга чейин оюндар өтүп жаткан аймактарда 507 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Катышуучуларга, конокторго, көрүүчүлөргө жана кызматкерлерге жардам көрсөтүү үчүн негизги аянтчаларда медициналык жайлар, тез жардам жана

Уулжан Бейшенбекова
Кадамжайдагы базарда укук бузуу боюнча 15 протокол түзүлдү

Коом

Кадамжайдагы базарда укук бузуу боюнча 15 протокол түзүлдү

Кадамжайдагы "Соода" базарында коомдук тартипти сактоо, жол коопсуздугун камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу максатында рейд өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Рейд учурунда аймакта желмаян айдап жүргөн айдоочуларга жол эрежелерин жана коомдук коопсуздукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, базарда соода кылган жарандарга

Уулжан Бейшенбекова
ИИМ башчысы жол коопсуздугунун кызматкерлеринин эмгегин баалады

Коом

ИИМ башчысы жол коопсуздугунун кызматкерлеринин эмгегин баалады

Ички иштер министри ШКУ саммитинин жүрүшүндө жол коопсуздугун камсыздоодо кынтыксыз кызмат өтөгөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, саммит күндөрү кызматкерлер жол кыймылын жөнгө салып, делегациялардын коопсуз жүрүшүн камсыздап, коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөштү. Эл аралык иш-чара аяктагандан кийин башкармалыктын

Уулжан Бейшенбекова
Ош шаарынын күнүнө карата 12 гүлзар пайдаланууга берилет

Коом

Ош шаарынын күнүнө карата 12 гүлзар пайдаланууга берилет

Ош шаарында 5-октябрь — шаар күнүнө карата 12 жаңы гүлзар пайдаланууга берилет. Учурда алардын курулуш жана көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Калаа жетекчилигинин маалыматына ылайык, буга чейин кароосуз калган жана негизинен эски көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында жайгашкан аймактар жаңыланууда. Жаңы гүлбактарда балдар үчүн аянтчалар, отургучтар, жарыктандыруу жана жашылдандыруу каралып, шаар тургундары

Уулжан Бейшенбекова
Талды-Булак айылында 70 жаңы электр мамысы орнотулду

Энергетика

Талды-Булак айылында 70 жаңы электр мамысы орнотулду

Талды-Булак айылында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүп, 70 жаңы мамы орнотулду. Бул тууралуу Талас электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2,5 чакырым СИП-2 зымы да тартылды. Жаңылоо иштерин "КУЭТ" ААКнын аймактагы ишканасы жүргүздү. Аткарылган иштер айыл тургундарын электр жарыгы менен туруктуу жана сапаттуу камсыздоого багытталган.

Уулжан Бейшенбекова
Кыргызстандын табигый токой азыктары эл аралык рынокко жол алууда

Экономика

Кыргызстандын табигый токой азыктары эл аралык рынокко жол алууда

Токтогул токой чарбасынын директору Анарбек Солтоев Монголияда өткөн "Organic Expo-2026" эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстандын табигый токой азыктарын тааныштырды. Токой кызматынан билдиришкендей, көргөзмөдө өлкөнүн таза өндүрүмдөрүн эл аралык рынокко чыгаруу жана жаңы өнөктөштөрдү тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Иш сапардын алкагында Монголиянын адистери менен жолугушуулар өтүп, токойлорду туруктуу башкаруу, жыгач

Уулжан Бейшенбекова
Таласта 6 жаран ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды

Коом

Таласта 6 жаран ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды

Талас районунда 6 жаран ок атуучу куралдарын кайтарымсыз түрдө өз ыктыяры менен милицияга тапшырды. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюштурулган алдын алуу иш-чарасында каттоодо турган тургундардын ок атуучу куралдарды сактоо шарттары көзөмөлгө алынууда. Текшерүүдө 1 жарандын куралды каттоо мөөнөтүн бузгандыгы аныкталды. Анын

Уулжан Бейшенбекова
Манас шаарында 20 млн 303 миң сомдук долбоор: 12 отказан орнотулууда

Коом

Манас шаарында 20 млн 303 миң сомдук долбоор: 12 отказан орнотулууда

Манас шаарында "Жылуулук" муниципалдык ишканасы жылуулук тутумун жаңылоо иштеринин алкагында 12 даана жаңы үлгүдөгү отказанды орнотуп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отказандардын 11и Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен, ал эми 1 отказан жергиликтүү казынанын эсебинен алынган. Долбоордун жалпы баасы 20

Уулжан Бейшенбекова
Жумгалда мыйзамсыз багылган чаарчык корукка өткөрүлдү

Коом

Жумгалда мыйзамсыз багылган чаарчык корукка өткөрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Жумгал районунда жапайы жаныбарды мыйзамсыз багуу фактысы боюнча маалыматты текшеришти. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүдө жергиликтүү тургун эликтин чаарчыгын мыйзамсыз багып жүргөнү аныкталды. Жаныбардын ден соолугунун абалын аныктоо үчүн ветеринардык адис тиешелүү кароо жүргүздү. Жыйынтыгында чаарчыктын жалпы абалы

Уулжан Бейшенбекова