Коом
Кыргызстанда бир күндө үч жер титирөө катталды
Кыргызстанда 9-августта үч жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, биринчи жер титирөө саат 09:33тө болуп, анын күчү болжол менен 3 баллга жеткен. Очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында, Көчүбаев айылынан 7 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Аймакта силкинүүнүн күчү 2 балл болгон.