Кыймылсыз мүлк
Бишкектеги Ч.Айтматов үй-музейи жаңыланат
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейи жаңыланарын Ленин муниципалдык администрациясы билдирди. Буга байланыштуу көчмө жыйын өтүп, анын жүрүшүндө үй-музейдин имаратын калыбына келтирүү, айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин күчөтүү, заманбап сугаруу системасын орнотуу жана тышкы жарыктандырууну жаңылоо маселелери талкууланды. Ошондой эле аймактагы инфраструктураны жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү