Коом
Нарында мыйзамсыз берилген 185,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
Нарын шаарынын аймагында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жалпы аянты 5 943 чарчы метрди түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 1999-2002-жылдары Нарын шаарынын жана Нарын районунун жетекчилери тарабынан жер мыйзамдарынын талаптары одоно бузулгандыгы аныкталган. Атап айтканда, М. Рыскулов