Экономика
Кыргызстан менен Египет экономикалык кызматташтыкты кеңейтет
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышуу үчүн келген Египеттин премьер-министринин экономикалык маселелер боюнча орун басары Хуссейн Эйсса менен жолугушту. Экономика министрлигин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-египет кызматташтыгын: өз ара соода жүгүртүүнү, эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түз байланыштарды кеңейтүү жана инвестицияларды