Транспорт
Нарын – Оруктам жолунун 5,3 чакырымына асфальт төшөлдү
Нарын облусунун Нарын районундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 9,45-15-чакырым аралыгындагы 5,3 чакырым жолго асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жумуштар №8 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, сапат талаптарын сактоо менен аткарылды. Жолдун бул бөлүгүнүн оңдолушу