Коом
Ошто мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айып пул салынды
Кечээ, 6-ноябрда Ошто Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу инспекторлор жана “Барс” тобунун кызматкерлери рейд жүргүзүштү. Ноокат районунун Чили-Сай участкасында аң уулоо эрежелерин бузган төрт жаран кармалып, ар бирине 12 500 сомдон 50 000 сомго чейин айып пул салынды. Мыйзамсыз атылган 8 кекилик үчүн 16 000 сом өлчөмүндө