Кыргызстандын 20 миң 286 мугалимине "Алтын Казык" ноутбуктары берилди
Бүгүн өлкө мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн 20 миң 286 даана “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылганын Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эми ноутбуктар райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу мугалимдерге жеткирилет. Кийинки партияларда тарых, география жана кыргыз тили предметинин мугалимдерине берүү пландалууда. Белгилей кетсек, ата мекендик ноутбуктар И. Раззаков атындагы КМТУнун “Технопарк”