Коом
Акыйкатчы балдар үйүндөгү кыздын 518 миң сом жөлөкпулун өндүрүп берди
Чүй облусундагы балдар үйүндө жашаган жетим кыз М.Б. 8 жыл бою майыптыгы үчүн каралган социалдык жөлөкпулду албай келген. Мындай абалды Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Институту 2025-жылы балдар үйлөрүнө жүргүзгөн мониторинг учурунда аныктаган. Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, текшерүүдө кыз 2015-жылы медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын чечими менен жөлөкпул алууга укуктуу болгонуна карабастан, балдар