Транспорт
Ч.Айтматов проспектисинде светофорлор жаңыланууда
Чыңгыз Айтматов проспектисинде светофорлорду алмаштыруу жана жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда адистер светофорлорду ишке киргизүү алдындагы жөнгө салуу иштерин жүргүзүп, алардын фазаларын жана иштөө циклдерин тууралашууда. Буга байланыштуу айрым кесилиштердеги кошумча светофор секциялары убактылуу иштебей турат. Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде светофорлордун фазалары жана иштөө циклдери толук