Экономика
"Бишкек" эркин экономикалык аймагы бюджетке 8 млрд 939 млн сом түшүрдү
“Бишкек” эркин экономикалык аймагынан мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык жана бажы төлөмдөр, ошондой эле социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдүн жалпы көлөмү 8 млрд 939 млн сомду түзгөнүн мекеменин башкы директору Умбриэл Темиралиев "Кабар" маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы бюджетке "Бишкек" ЭЭАсынан акча түшүулөр 4 млрд сомду түзгөн.