Коом
“Кыргызфармациянын” ишин текшерүүгө атайын комиссия түзүлөт
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишин текшерүү үчүн комиссия түзүү чечимин жарыялады. Бул тууралуу ал Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкология бөлүмүнө барганда билдирди. Министрлик маалыматына ылайык, Досмамбетов балдар үчүн өмүргө зарыл дары-дармектерди сатып алуудагы ачык эмес жана натыйжасыз механизмдерге жол берилбеши керектигин